Бек Борбиев - 50 жаш - Караоке кыргызча #17

7 Просмотры
Опубликовано на Admin В Новинки комедий

Спасибо! Поделитесь с друзьями!

URL

Вам не понравилось видео. Спасибо за то что поделились своим мнением!

К сожалению, только зарегистрированные пользователи могут создавать списки воспроизведения.
URL


Описание

Элүү жаш,
Келдиңби, келген болсоң бери бас.
Демиккен,
Туйлаган боз жоргоңдун демин бас,
Эй демин бас.

Элүү жаш,
Төгүлгөн көз жашымды күтпөгүн.
Кучактап,
Жайдары тосуп алам керип каш,
Эй элүү жаш.

Мен кээде жаштыгымды сагынсам,
Таарынбайсыңбы элүү жаш?
Бал күндүү балалыкка агылсам,
Кайрылбайсыңбы элүү жаш?
Жашмын деп мүдүрүлүп чалынсам,
Таяп бир койчу элүү жаш.
Же эрте карылыкка алдырсам,
Аяп бир койчу элүү жаш.

Элүү жаш,
Билчүмүн алыс жакта бардыгың,
А бирок,
Туйбапмын ылдамдыгың шардыгың,
Эй шардыгың.
Элүү жаш,
Алдастап шашып калдым чынында,
Анткени,
Билдим мен убакыттын таардыгын,
Эй таардыгын.

Мен кээде жаштыгымды сагынсам,
Таарынбайсыңбы элүү жаш?
Бал күндүү балалыкка агылсам,
Кайрылбайсыңбы элүү жаш?
Жашмын деп мүдүрлүп чалынсам,
Таяп бир койчу элүү жаш.
Же эрте карылыкка алдырсам,
Аяп бир койчу элүү жаш,
Аяп бир койчу элүү жаш,
Элүү жаш.

Показать больше

Написать комментарий

Комментарии

Комментариев нет.

Карта сайта и Video sitemap
Яндекс.Метрика